Стамбулдун Таксим аянтындагы Ататүрк маданият борбору аялдарды азапка салган төштүн залалдуу шишиги дартына коомчулуктун көңүл буруу үчүн үч күн бою кызгылт түстө жарыктандырылды.
Маалыматка караганда, аталган борбор Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун төштүн залалдуу шишигин эрте аныктоо айлыгына маалыматтык колдоо көрсөткөн.
Белгилей кетсек, Таксим аянтына күн сайын миллионго жакын адам келет. Ататүрк маданият борборунун көркөм директору Ремзи Бухаралы эненин саламаттыгы баарынан маанилүү экенин билдирген.
“Искусствонун кандай гана түрү болбосун массанын аң-сезимин өзгөртө алат. Биз GE Health Care демилгеси менен AKM имаратын кызгылт түс менен жарыктандырып жатабыз. Төштүн залалдуу шишиги канча эрте аныкталганы аялдарыбыз, энелерибиз үчүн өтө маанилүү. Таксим аянтына келгендер бул дарттын кандай оор экенин көрсүн, билсин, түшүнсүн деп ушундай методду колдонууну туура көрдүк”, - деген ал.
Эске салсак, көкүрөк рагы дүйнө боюнча аялдардын 30 пайызында кездешет. Ар бир сегиз аялдын бирине бул дарт өтө коркунуч туудуруп келет. Рак кооптуу оору болгону менен аны дарылоого мүмкүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жыл сайын «Төштүн залалдуу шишиги жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу» айлыгын жарыялап, бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат.