Мирлан Самыйкожо костюм реклама кылгандыгынын себебин айтты

Буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо костюм саткан дүкөндү жарнама кылган видеосу тараган. Ал интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууга жем таштаган.

Айрымдар "Карапайым эл өкүлү болсо, акча табыш үчүн жарнама кылат да" деп кубаттаса, кээ бири "Депутаттык статуска туура келбейт" деп сынга алышкан. Мирлан Самыйкожо костюмду эмне себептен жарнама кылгандыгы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен ата мекендик өндүрүштү депутаттар эмес, президент да барып колдошу керек деп эсептейм. Мен костюмду эмес, ошол кыргыз ишкерди, өндүрүштү жарнама кылып жатам. Экинчиден мен 6 миң долларлык костюм кийбейм, 6 миң сомдук өзүбүздүн костюмду кийгенге кызыкдармын. Ошол үчүн бардыгын ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырам. Мен андан намыстанбайм", - деди Самыйкожо.

Ошондой эле эл өкүлү ал видео жарнама эмес, жөн гана ата мекендик өндүрүшкө болгон колдоо экендигин белгилеп, ал үчүн эч кандай каражат албагандыгын билдирди.

Мирлан Самыйкожо костюмду жарнамалаганы боюнча пикирин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2022-10-20 08:30:00
Туура айтты,ата-мекендик продукцияны колдоо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан