Ушул жылдын октябрынан тарта Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылганын "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кошумча авиакаттамды "Сибирь" (S7 Airlines) орусиялык компаниясы шаршемби күнү аткара баштады", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми мурда белгиленген багыт боюнча каттамдар жумасына 2 жолу - шейшемби жана ишемби сайын аткарылып келген.