Кыргызстандын 5 ооруканасына компьютердик томография аппараттары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
"Жабдуулар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын медициналык жайларына жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Техниканы сатып алууга каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Компьютердик томография организмди кеңири изилдөөдөн өткөрүүгө жардам берет.
Бүгүнкү күндө диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери жеринде бүткөрүлүп, компьютердик томографияны орнотуу процесси жүрүп жатат.
Ал эми сатып алынган жабдыктардын аркасында жергиликтүү дарыгерлер оорулардын динамикасын көзөмөлдөп, диагнозду аныктоо үчүн башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат.