Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймакка аскер жана курал-жарак алып келүүдө. Муну менен тажик тарап чек ара боюнча макулдашууну бузуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Тажик тарап Кыргызстанды чек арадагы абалды атайын курчутуп жатат деп айыптап жатат. Мындай билдирүү чындыкка дал келбейт", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан калкты атайылап мыйзамсыз иш-аракеттерге түртүп жатканын белгилейт.
"Ага аскердик техника ташыган автотралдын сүрөтү мисал боло алат. Тажикстандын Согди облусунун чек арачылары бул сүрөттү пайдаланып, Кыргызстан Баткен облусуна аскердик техника ташып жатат деп жалган маалымат таратууда. Бул сүрөт 21-22-сентябрда аскердик техниканы чек арадан туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү учурунда тартылган", - деп билдирет атайын кызмат.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө тажик тараптын 25-сентябрдан бери ок атуу позицияларын камдап жатканы айтылат. Алар кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча окоп, траншея казып жатканына төмөнкү сүрөттөр далил экени белгиленет.
Тажик тарап 25-сентябрдан бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иш-аракетин жасап дрондор колдонулгандыгынын 10дон ашуун фактысы катталган. Дал ушул Тажикстандын жарандары Кыргызстандын чек арага канатташ жашаган тургундарынын үйлөрүн өрттөгөнгө аракет кылышкан.
26-сентябрь күнү чек арага жакын жерде тажик аскерлери тарабынан коюлган гранатага тажик жараны жарылгандыгы Тажикстандын аскерлери кезектеги чыр-чатак катталган учурда өз аймактарына чек арага мина коюп кире качканга даярданып жаткандыгынан кабар берет. Жагдайды териштирүү учурунда кыргыз тараптын жарандарынын же аскерлеринин буга тиешеси бар экендиги Тажикстандын Исфана тилкеси боюнча чек ара өкүлү жана коңшу тараптын башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аныкталган эмес.
Чек ара кызматы белгилегендей, жолугушуулар учурунда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ортодо жетишкен макулдашууларды бузушкандыгын моюнга алышып, аларды оңдоого сөз беришет, бирок иш жүзүндө сөз бергендери аткарылбай келе жаткандыгы көрүнүүдө.
"Биздин тажик кесиптештерибиз бизди таң калтырып келишет: эч бир кебелбей туруп фактыларды бурмалап, ал тургай кыргыз тараптын пресс-релиздерин колдонуп, болгону андагы республикалардын атын айырбаштап, "тажик" деген сөздөрдү "кыргыз" деген сөзгө алмаштырып коёт. Ошону менен бирге "чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу үчүн жетишкен макулдашууларга кынтыксыз таянуу жана көйгөйлөрдү бир гана саясий-дипломаттык ыкмалар менен гана чечүү" деген сөздөргө жамынып алып тажик тарап ЖМКда жана социалдык тармактарда кыргыз тарапка чабуул коюуну улантып, аскерлерди жана техникаларды чек арага канатташ аймактарга ташуу жөнүндө видеону ачык жарыялап келет", - дейт Чек ара кызматы.
Мындан тышкары жакын арада эле милициянын аттуу-баштуу кызматкери Тажикстандын ички иштер министринин атынан аскер кийимин кийген белгисиз адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерге барууга жана чек арада жагдайга бүлүк салууга чакырык жасоо менен кайрылган видео жарыяланган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан чек арага канатташ аймактарына өздүк курам жана техника ташылып жаткандыгын, ал максатта "Тез жардам" автоунаалары колдонулуп жатканын, "Головной" суу бөлүштүрүү жергесинин тушуна Тажикстандын позицияларына жарандык автоунаалар менен ок-дарылар алынып жаткандыгын белгилейт. Жалдануучуларды даярдоо, ошондой эле курал-жарактардын кампасын даярдоо үчүн тажик тарап исламдын баалуулуктарын уратуу менен мечиттерди пайдаланып жаткандыгын талашсыз айкындаган далилдер бар.