Бүгүн, 20-октябрга карата АКШ валютасынын курсу 84 сомдун тегерегинде кармалууда.
Өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 81 сом 50 тыйындан 83 сомго чейин болсо, сатуу 82 сом 50 тыйындан 84 сомго чейин болууда.
Ал эми рублду сатып алуу 1 сом 32 тыйынга чейин болсо, сатуу 1 сом 38 тыйынга чейин болууда.
Улуттук банкта 1 доллардын курсу 82 сом 25 тыйын деп көрсөтүлгөн.