"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев "төөнүн куйругу жерге тийгенде", "жел таман" жана "кыртышы сүйбөө" фразеологизмдеринин маанисин түшүндүрүп берди.
Төөнүн куйругу жерге тийгенде - Жакында болбой турган же такыр болууга мүмкүн болбогон учур. Мисалы, Жамал мени качан келет десе төөнүн куйругу жерге тийгенде келет дегин (Шүкүрбеков).
Жел таман - Бир жерге жай алып тура албаган деген мааниде айтылат. Мисалы, Жел таман желип-жортуп айылдап жүр. Жээлигип өзүн-өзү дайындап жүр (Тоголок Молдо).
Кыртышы сүйбөө - Жактырбоо, жакшы көрбөө. Мисалы, Татыбектин дегеле эчтемени кыртышы сүйбөйт.