Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жер силкинүү 19-октябрь күнү саат 16:09да катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга жана Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.