Чоң Чүй каналына айдоочу Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын башкара албай түшүп кетти. Маалымат ӨКМ тарабынан белгилүү болду.
Анда айтылгандай, кырсык болгон жерден 32 жаштагы М.у.К. аттуу эркек киши суудан сүзүп чыккан.
Куткаруучулар унааны суудан чыгарышканда ичинен 21 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.