Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Тажикстандын учурдагы аракеттери тууралуу маселени көтөрүп, жыйында Орто Азия лидерлерине кайрылды.
Депутаттын айтымында, эгерде Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда согуш башталса бүт Орто Азия мамлекеттери өрттөнөт.
"Депутатыбыз туура айтып жатат, тажиктер тигил жакта даярданып жатат. Мен ушул жерден Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылып кетким келет. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чыккан от жалгыз гана бизде калбайт, бүткүл Орто Азияны өрттөйт. Өзбекстанды дагы, Казакстанды дагы, Түркмөнстанды дагы өрттөйт. Жалгыз эле бизде калбайт ал. Ошон үчүн Орто Азиядагы стабилдүүлүк Тажикстан менен Кыргызстандан башталат.
Эгерде бизде согуш болсо Орто Азия дагы тынч калбайт. Баарыбыз күйөбүз. Экөө согуша берсин биз бул жакта карап турабыз деген болбойт. Эгер Тажикстан агрессиясын улантса бул Путиндин бетине болгон түкүрүк болот. Жакында эле Владимир Путин аларга "Орто Азиядагы стабилдүүлүк үчүн" деп орден берди. Ошол орденди алгандан кийин кайра окоп казып, провокация кылып жатат", - деди Түлөбаев.