Бишкекте агроөнөржай көргөзмөсү өтүп жатат. Ага Садыр Жапаров катышууда

Бишкекте бүгүн, 20-октябрда "АГРОТЕХЭКСПО-2022" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышууда.

Айыл чарба министри Жаныбекова сөз сүйлөп, агроөнөр жай тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Агро өнөр жай, айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Сиздердин эмгегиңиздер зор. Өзгөчө элет жериндеги айыл чарба кызматкерлеринин баса белгилегим келет. Айыл чарбада кылган кызматыңыздар, күжүрмөн эмгегиңиздер, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошуп келет. Биз мындан ары да айыл чарбанын өнүгүшү үчүн колдоо көрсөтө беребиз", - деди министр.

Белгилей кетсек, иш-чара Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына карата уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан