Бишкек шаары 2000 автобусту кабыл алууга даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.
"Баарыбыз "Бишкекке 1500-2000 автобус алып келебиз" деп айтып жатабыз. Алып келе албайсыңар, Бишкекке 1500, 2000 автобус кирсе Бишкек шаары токтойт. Инфраструктура даяр эмес. Бир автобус 8 метрден 12 метрге чейин, аялдамага 5 автобус токтогондо бир светофордон бир светофорго чейин бардыгы токтойт. Ага даярдык көрүш керек да.
Шаардын кебетесин карагылачы айтпай эле коёюн дедим эле. Шаар кир, сасык. Иштейби же иштебейби шаар бийлиги", - деди Балбак Түлөбаев.