Бүгүн, 20-октябрда борбор калаада Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, айыл чарба кызматкерлери өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. "Эл эмгегин жер жебейт дегендей", эмгегиңиздер бааланып, ишиңиздердин акыбети кайтып келе жатат. Айлык акыңыздар көтөрүлүүдө. Дагы да өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошо бересиздер деп ишенем. Сиздерди колдоого дайыма даярбыз", - деди Жапаров.
Иш-чарада президент Садыр Жапаров бир катар айыл чарба кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.