"Бекем бололу". Нуржигит Кадырбеков чек арадагы кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасады

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасап, элди кыжаалат болбоого үндөдү.

"Тажик туугандар келечектеги конфпантацияга даярданып жатат деген маалымат элибизди кыжаалаттыкка салып жатат. Мен элиме кайрылгым келет, кыжалат болбоңуздар. Өзүбүзгө бекем бололу, бирок кошунаны ууру тутпайлы. Балким, фейктир, балким бизди чабыштырган күчтөрдүр. Бирок бир чындык бар, "Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт" деген. Согуштун бир эрежеси бар, ким баштаса, ким адилетсиз болсо аягында ошонун талканы чыгат. Ошон үчүн кыжалат болбоңуздар.

Биз тынчтыкты сүйөбүз, колдон келгендин баарын кылабыз", - деди Нуржигит Кадырбеков.

"Бекем бололу". Нуржигит Кадырбеков чек арадагы кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан