Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан кетирүү маселеси каралмай болду

Депутат Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

"Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызмат ордунан чакыртып алуу боюнча 5 фракциянын чечими келип түштү. Ушул маселени дагы карашыбыз керек", - деди Шакиев.

Аталган маселени күн тартибине киргизүү сунушу 44 макул, 3 каршы добуш менен колдоо тапты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков парламенттин кечээки жыйынында комитет төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирген. Ал төрагалык кызматтан кетиши керектиги айтылып жатканын белгилеген. Ошол эле учурда андай сөз ким тарабынан айтылганын ачыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-10-20 13:49:00
2 доопарастын зоокурлугу деп тушунгуло! Жогорку Кенештин 90 депутатынын 70-75и 2 доопарастын чимкириктери. Ошол эле Бакбак, Жусуп Коргонбай уулу, Нарматова, Атазов ж.б. Достору, кудалары, инилери ж.б. Шакиев озу 2 доопарастын кошоматчысы. Чынгызбек Айдаров Кемпирабаддын Озбектстанга мыйзамсыз берилишине каршы турду эле, мыйзамсыз жыйындын жыйынтыгын тааныбай, 2 доопарастын чимкириктери аны комитет тораналыгынан тушуруп оз чимкиригин коюшмакчы.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан