Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызматтан чакыртып алуу боюнча маселе каралууда.
Эл өкүлү Балбак Түлөбаев комитеттин жыйынына документтер жок болсо эмне үчүн күн тартибине алдыңыз деп Айдарбековго суроо салды.
"Чыңгыз Азаматович, ошондо жыйынга мен дагы катышкам. Биринчи парламенттик угуу деп келгенбиз. Бир кезде комитеттин отуруму дедиңиз. Комитеттин отурумуна документтер жок болсо эмне үчүн күн тартибине алдыңыз? Албай койбойт белеңиз. Комитетти жаап салып, кетип калбайт белеңиз. Бул Кемпир-Абад үчүн эмес, бул комитеттин ичиндеги болгон бузуулар үчүн добуш берип жатабыз.
Экинчи комитет чечим кабыл алгандан кийин эмнеге кол койбой жатасыз? Бул Жогорку Кеңештин ишине саботаж деп айтам", - деди ал.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков парламенттин кечээги жыйынында комитет төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирген. Ал төрагалык кызматтан кетиши керектиги айтылып жатканын белгилеген. Ошол эле учурда андай сөз ким тарабынан айтылганын ачыктаган эмес.