“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жеңүүчүлөр катышышты.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну жана лотереяга катышууну улантууга үндөдү.
Ошондой эле ал мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулганын эске салды.
Белгилей кетсек, 34 жаран лотереянын 2-утушунун байге ээлери болду. Башкы байге KIA Rio автомобилинин ээси болуп Талас облусунун жашоочусу табылды. Ал топтогон 170 билеттин ичинен бирөөсү байгелүү болду. Дагы 9 адам iPhone 13, 9 адам Samsung А33 смартфондун ээси болушкан. Мындан тышкары, 3 муздаткыч, 3 телевизор, 3 микротолкундуу меш, 3 кир жуугуч машина, 3 чаң соргуч өз ээлерин табышты.
Эскерте кетсек, 1-октябрда лотереясынын экинчи утушу өткөн. Ага 11 миллиондон ашык билет менен 135 миңден ашык адам катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.
Лотереянын акыркы үчүнчү утушу 30-декабрда болот.