Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңеште комитеттин төрагалыгынан кетери айтылып жаткан депутат Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстанга таандык экенин айтты.
"Урматтуу төрага, сизди бардыгын регламенттин негизинде алып барууга чакырам. Комитеттин төрагалары кандай дайындалса ошондой эле алып коюп жатышат. Экинчиден мен регламенттин негизинде бардыгын алып бардым. Сабатсыздар болду, бизге кагаздарды туура эмес беришти. Бул менден көз каранды эмес.
Мен азыр көп нерселерди жарыялабайм. Муну андан кийин депутаттарга маалымат кылып берем. Бирок тарыхка карасак ушул суу сактагыч бул Кыргызстандыкы. "Биз өткөрүп бергенбиз" деген бир дагы кагаз жок. Ошон үчүн мен дагы бир жолу айтып жатам, мен регламенттин негизинде алып бардым. Калганы депутаттардын чечими менен болду", - деди Айдарбеков.