Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскерлери ант берди (фото)

Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин бардык бөлүктөрүндө аскерлер ант беришти. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакырылгандар жаш жоокерлерди даярдоо программасы боюнча курсун аякташты.

Алар аскердик жашоого, анын так белгиленген күн тартибине ыңгайлаштыруудан өтүштү, аскердик уставдын негиздерин, жоболорун жана алардын функционалдык милдеттерин үйрөнүштү.

Жаш толуктоолорду куттуктоо үчүн Республикалык жоокерлердин энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ардагерлердин «Сый-Урмат» коомдук бирикмесинин жетекчиси Советбек Арбаев жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү, жакындары келишти.

Белгилей кетсек, ант берүү аземдери республика боюнча Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин бардык батальондорунда жана бөлүктөрүндө да өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан