Бишкекте Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 18-октябрдан 20-октябрга чейин Ички иштер министрлигинде уюштурулду. Ага министрликтин Академиясынын курсанттары менен студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында курсанттар менен студенттердин суроолоруна жооптор берилип, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган кагаздар таратылды.