"Жооп берсин". Камчыбек Ташиев Азимбек Бекназаров суракка чакырылганын айтты

Азимбек Бекназаров чек ара маселеси боюнча суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт үйүндө өткөн жабык жыйын учурунда билдирди.

"Бекназаровдун чек ара маселеси боюнча жасаган видео кайрылуусу чындыкка дал келбейт. Сөз деп эле сүйлөй бербеш керек. Мен бүгүн Азимбек Бекназаровду УКМКга чакырттым. Ал ошол видео кайрылуусу үчүн жооп берсин", - деди Ташиев.

Эскерте кетсек, бүгүн өкмөт үйүндө кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча жабык жыйын өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asmat84
2022-10-20 17:02:00
Азимбек Бекназаровдун да үстүнөн кара булут каптап калган го
+3
Samina007
2022-10-20 17:07:00
Убагында жүрүшкөн тайраңдашып бүгүн бар эртең жок дешип. Келди убакыт буларга да.
-5
Antiradikal11
2022-10-20 18:10:00
Samina007, сенин 2 доопарасына жооп берчу убакыт келбейт бекен? Ал кун да жакын.....
+5
Мунарбек
2022-10-20 18:04:00
Жооп берсин! Бийлике илеше калып бир кызматка отуруп,ал жакпай калса кайра бийликти жамандап аппазицияга кошулуп жамандап көнүп алган экенсиң дөөдүрөп!
-7
Antiradikal11
2022-10-20 18:11:00
Мунарбек, доодуросо да чындыкты айтыптыр. Чындыкка тике карай албаган манкурттар, саткындар, жугундукор дакансалар........
+5
Эрик
2022-10-20 18:15:00
Antiradikal11башыңды же тантык шакал.
-11
Arianaa
2022-10-20 18:27:00
Байкуш Антирадикал сага эле жаман кыйын болдуго.карганып шиленип эле отуп кетет окшойсун
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан