Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примовдун талапкерлиги сунушталды.
Анын талапкерлиги тармактык комитетте каралат.
Улан Примов бир мандаттуу Алай округунан шайланып келген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, төрага алмашкандан кийин кызматын тапшырган.
Белгилей кетсек, бүгүн аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан бошотулду. Аны кызмат ордунан чакыртып алуу боюнча токтом долбоору 43 "макул", 16 "каршы" добуш менен колдоо тапты.