Бишкек шаарында 39 жаштагы Жаныбек Абдыкеев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Свердлов РИИБине И.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1983-жылы 17-ноябрда туулган жолдошу Жаныбек Абдыкеев ушул жылдын 31-март күнү саат 08:00 чамасында Учкун кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегени айтылган.
Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, көзү, чачы кара. Мезгилге жараша кийинген.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо төмөнкү телефон номер аркылуу милицияга кабар берсе болот: 0 500 60-70-67 жана 102.