Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы болуп Улан Примов шайланды.
Жашыруун добуш берүүдө анын талапкерлиги 70 макул, 1 каршы добуш менен колдоо тапты.
Улан Примов бир мандаттуу Алай округунан шайланып келген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, төрага алмашкандан кийин кызматын тапшырган.
Белгилей кетсек, бүгүн аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан бошотулган.