
Бүгүн, 20-октябрда парламентте чек аралаш айылдардын тургундарына курал берүү тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окууда добуш берүүдө кабыл алынды. Мындай демилге жабык эшик артында каралды.
Ага ылайык, "Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Курал жөнүндө" жана "Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизилет.
Анын алкагында курал берүүдөн сырткары, керектүү учурда президентке аскердик абал киргизбей туруп эле жарым-жартылай мобилизация жарыялоого уруксат берилет.
Жалпысынан алганда, курал берүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Анын жол-жобосун Ички иштер министрлиги иштеп чыгышы керек.
Бул Баткен облусундагы жана Алай, Чоң-Алай райондорундагы чек ара тилкелерине жакын жайгашкан аймактагыларга тиешелүү экени айтылды.