Нарында милиция бөлүмдөрүн техникалык камсыздоого акча каражаты бөлүнөт

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 9 айда аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында акыркы 9 ай ичинде жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча маалымат берилди.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов коомдук коопсуздуктун жана кылмыштуулуктун алдын алууда кошкон зор салымдары жана аткарылып жаткан иштерин, жетишкендиктерин баса белгиледи.

Ошондой эле алдыда келе жаткан Кыргыз милициясынын 98 жылдыгы менен кызуу куттуктап, Нарын облусундагы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан милиция бөлүмдөрүн материалдык-техникалык камсыздоого акча каражатын бөлдүрүп берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйынга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун прокурору Алтынбек Аттокур уулу, Нарын ОИИБнин башчысы Алмазбек Жумабеков жана тармактык кызмат жетекчилери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан