Лейлекте окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунун Лейлек районунда балдардын коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Айтылгандай, аталган иш-чара мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында уюштурулду.

"Жыйналышка мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө, өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө, кафе-ресторандарда өз алдынча туулган күн, кечелерди уюштурбоо боюнча кеңири талкуулар болду. Ошондой эле эскертүүлөр берилди", - деп билдиришти милициядан.

Мындан тышкары Лейлек РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган видео тасма көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан