Эртең, 22-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 … +7, күндүз +20 … +25;
Талас облусунда түнкүсүн -1 … +4, күндүз +20 … +25;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3 … +8, күндүз +20 … +25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +11 … +16;
Нарында түнкүсүн -2 … -7, күндүз +12 … +17
Бишкек шаары түнкүсүн +5 … +7, күндүз +23 … +25 градус болот.