"Кемпир-Абадды бербейбиз". Өзгөндө жергиликтүүлөр жөө жүрүшкө чыкты (видео)

Бүгүн, 21-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын берилүүсүнө каршы болгон жергиликтүүлөр жөө жүрүшкө чыгышты. Андагы видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалымдалгандай, катышуучулар Куршаб айылынан Өзгөндү көздөй бара жатышат.

50дөн ашуун адам "Кемпир-Абад биздики" деп кыйкырып жатышат. Ал эми колдорундагы плакаттарда “Кемпир-Абадды бербейбиз”, “Кемпир-Абад - кыргыз жери” деп жазылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров медиалардын бирине берген маегинде Кыргыз-Өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Өзгөндө жөө жүрүш өтүп жатат
Өзгөндө жөө жүрүш өтүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zumrudianka
2022-10-21 16:44:00
Калп эле анкылдаш учун канча сомдон алдынар экен, ойгонгула. Бардык нерсе суйлошуу дипломатиялык жол мн чечилет
0
Antiradikal11
2022-10-21 17:51:00
Zumrudianka, ,ошол акчага сатылган сойку сенсин, 500 сомдук сойку!!! Сенин доопарасындын дипломатиясынын арты менен 2 жылда таэиктер менен тынбай кагылуу болуп келе жатат. 100дон ашуун жараныбыз каза болду, доопарасындын айынан... Доопарастыгынан Ккмпирабадды берип жатса туура дейсин да манкурт!
0
Antiradikal11
2022-10-21 17:52:00
Zumrudianka, сенин доопарасын алып жатабыз деген 19мин гектар жер ансыз да Кыргызстандын жери. Кемпирабадды сатуу учун Кыргызстандын жерин Озбекистандын жери жеп элдин башын айлантууда. Аферист менен Доопарас элди, Мекенди тунгуюкка туртуудо.......
0
Azat-123
2022-10-21 19:58:00
50дөй адам, ржу :)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан