Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Нарын районунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгиледи. Андан соң пландалып жаткан Куланак ГЭСи тууралуу кыскача айтып берди.
“ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 миллион квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. Адистердин айтымында, ГЭСтин курулушу жүрүп жаткан маалда жалпысынан 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот. Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, - деди ал.
Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5081 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Бүгүн капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилери айтылды.
Долбоордун жалпы баасы 124 миллион долларды түзүп, анын 88 миллион доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилери белгиленет.