"Кырдаалдын курчушуна салым кошпогула". Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн жумушчу кеңешме өткөргөнүн Чек ара кызматынан билдиришти.

Анда Ташиев Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

"Чек ара жана чек ара аймактарында жаралып жаткан бардык көйгөйлүү маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү үстөлүндө гана чечүү зарыл. Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгына тиешелүү. Андыктан ар кандай даражадагы чиновниктер да, карапайым жарандар да чек арадагы кырдаалдын курчушуна салым кошуп, сүйлөбөшү керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга – Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык жана стабилдүүлүк, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү керек", - деп белгиледи Ташиев.

Ташиев кабыл алынган чечимдер аткарылбаса Баткендеги күч органдары менен мамлекеттик органдардын жетекчилери керт башы менен жооп берерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Allah Akbar
2022-10-21 17:37:00
Эми негизи Эки Мусульман ортосунда чек ара деген болбош керек Исилам динде ошондой Бирок чек арага кол салып жатканы бул мунафыктын кылган иши момун адам андай нерсе кылбайт шайтанга азгырылган тоджиктердин ичинде көп болуп жатат Аларга катуу жообун берип Кол эмес жаман сүйлөй албаш кылыш керек андыктан өз армияга азр духтан кана берип туралы
+1
nurik73
2022-10-21 19:41:00
Биздин бийлик оз элинен коргонуш учун кобураак чара корот. Таджиктерден коргош керек. Оз эл коркунучтуу эмес.
-1
Mashyrbek
2022-10-22 00:38:00
Ийгилик К.Ташиев чыныгы Мекенчил Лидер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан