Тажикстандын баскынчылыгы: Курман болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө 1-3 миллион сом жана батир берилет

16-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин кенемте жана батир берилет. Маалыматты министрлер кабинетинин маалымат кызматы тастыктады.
Кенемте төлөө тартиби "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Анда чинине, эмгек тажрыйбасына жана башка жагдайларга карап бир жолку компенсация төлөө каралган. Ал эми жараат алган аскерлерге 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин берилет.
Эске салсак, тажик тараптын баскынчылыгынан Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын ичнде 48 аскер кызматкери, 15 жай тургун. Ал эми 206 адам ар түрдүү жаракат алган, алардын 145и аскерлер, 61и жай тургун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан