Оштун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Эшме айылындагы №109 Абдыразак Муратов атындагы орто мектебинин жаңы 320 орундуу имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мектеп имаратынын курулушу Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан 2021-жылдын июль айында башталган.
Мектепте 13 класстык бөлмө, 1 архив, 1 лаборатория, 30 орундуу ашкана, спорт зал, актовый зал, китепкана жана мектеп администрациясы колдоно турган 2 бөлмөсү бар. Мектепте азыркы күндө 21 мугалим 273 окуучуга билим-тарбия беришүүдө.
"Мектептин ички жабдууларын даярдоого Катта-Талдык айыл өкмөтү тарабынан 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ушул эле кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 250 орундуу жаңы окуу имаратынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. №41 М.Ибраимов атындагы орто мектебинин жаңы заманбап окуу имаратынын курулуш иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган.