Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун негиздемесин каржылоо макулдашылды

Кытай жана Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого катышууга макулдук берди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Кабарлангандай, биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20 пайызын берет.

"Ал эми экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30 пайыз берет. Үчүнчү этапта Кытай 30 пайызын төлөйт", - деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кошумчалашкандай, төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келет. Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан