16-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон Шарабидин Сүйүн уулунун кызы жарык дүйнөгө келди. Наристе 18-октябрда төрөлүп, ага маркум атасы коюп кеткен Салиха деген ысым берилди.
25 жаштагы Шарабидин жубайы Минавар менен баш кошконуна үч жыл болуп, бир уулдуу болушкан эле. Экинчи наристелүү болорун күтүп, Орусиядан келгенине төрт күн болгондо, 16-сентябрда душмандын огунан ажал тапкан.
Шарабидин Сүйүн уулу Баткен районунун чек арада жайгашкан Паскы-Арык айылынын жашоочусу болчу. Маркум 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда үй-бүлөсүн коопсуз жайга эвакуация кылып, өзү айылын коргоо үчүн артка кайтып барып, душман аткан снаряддын огунан каза тапкан.
Мекен баатыры Шарабидин үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү эле. Апасы Мавлюда Шарабидинованын айтуусунда, ал эли-жерин өзгөчө сүйгөн мекенчил жигит, адамгерчилиги бийик, жакындарына мээримин төккөн уул болгон.
“Уулум өзгөчө жан болчу. Мекенин өзгөчө сүйчү. Арабыздан өтө жаш кеткенин эстеген сайын кыйналам, ыйлайм. Бирок арга жок”, - дейт маркумдун апасы.
Шарабидиндин өмүрүнүн соңку мүнөттөрүндө тартылган видео тасма жакындарынын уюлдук телефонунда жүрөт. Видеодо айылдашынын күйүп жаткан үйүн өчүрүү үчүн шашып бара жаткан Шарабидинди көрүүгө болот. Маркум жакында жогорку окуу жайын аяктап, дипломун да колуна алмак. Ал арада атасын дарылатуу үчүн Орусияга барып иштеп келген.
64 адамдын өмүрүн алган Тажикстандын агрессиясына бир айдан ашты. Белгилей кетсек, чек ара окуясында Баткен районунун Паскы-Арык айылынын эки жай тургуну каза болгон. Алардын артында балдары, жубайы, ата-энеси жана бир туугандары калды.