Эскертүү! Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кооптуу таштар кулатылат

24-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Кабарлангандай, иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.

"Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ишканадан кошумчалашкандай, жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан