Баткендеги аскер кызматкерлерине 16 үй берилди (фото)

Баткен облусундагы аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычы тапшырылды. Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.

Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан