Базар-Коргондогу жаңы конушка маркум Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарынын бирине белгилүү дин аалымы, маркум Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
"Жаңы конушка белгилүү дин аалымынын ысымын ыйгаруу жергиликтүү эл тарабынан демилгеленген. Ал эми айылга мечит, медреселерди куруу үчүн Акман айылынын тургуну өзүнүн үлүш жерин берген", - деп билдиришти Муфтияттан.
Эскерте кетсек, аталган курулуштарга Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Демөөрчү топтун атайын өкүлү Нурбек Абдували уулу үй-бүлөлүк фелдшердик пунктун да куруп берүүсүн убадалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан