Кочкор райондук ооруканасында унаа сүзүп кеткен жаран каза болуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-октябрь күнү саат 20:25 чамасында болгон. Анда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип кетип калган. Жабырлануучу ооруканада каза болгон.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа аныкталып, унаанын айдоочусу, 1994-жылы туулган А.уулу Т. жана эки жүргүнчүсү кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.