Садыр Жапаров: "Кемпир-Абадды берген жокпуз, тескерисинче алып жатабыз"

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда Садыр Жапаровго "Өзгөндө Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип, жөө жүрүш өттү. Дегеле, ушул суу сактагыч боюнча чечим кандай болгону жатат? Кемпир-Абад толугу менен өзбек тарапка өтүп кетет деген кооптонуулар канчалык негиздүү?", - деген суроо берилди.

Өлкө башчы маегинде плотинаны 1960-жылдардан бери эле коңшу Өзбекстан башкарып келгенин айтты.

"Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз.

60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхий-архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып жатышат.

Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.

Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.

-Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган;

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган;

-Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган;

-Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган;

-Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган;

-Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган;

-Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат;

-Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган;

-Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, "Кемпир-Абадды берип жиберип атышат" деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул - акмакчылык.

Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат.

Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 чакырымдан ашык узундуктагы чек арабызды чечип жатабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жака бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жаткандарын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. "Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула" дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип жатабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?

Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам берели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол койдук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп жатат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз", - деп жооп берди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Bbbw
2022-10-22 15:13:00
Кучунор жетсе Кадамжай менен Кок талаанын эски жолун алгылачы. Мурун ошол жер да Кыргызстанга караган экен азыр озбектер тосуп алып биз тооду ашып отобуз ото бийик подъём кышкысын канча машина авария болот. Кемпир абад дагы ушул сыяктуу. Эмнеге Озбектер ар призидент алмашкан сайын Кемпир абад проблемасын которот??? Булардын планы беш он жылдык эмес 50-100жылдык. Кемпир абадтты бербегиле. Мекенди сатпагыла Бул жер Туштуктун келечектеги тагдырын чече турган жер.
+8
Bbbw
2022-10-22 15:18:00
Баткен Ак сай Тажиктер жылып отуруп акыры эмнеге келип такалды согуш менен да чечилбей жатпайбы. Кемпир абад мындан 100 эсе кооптуу!!!!!!!
+6
Bbbw
2022-10-22 15:24:00
Бул Озбектердин тынч достукта жашайлы деген келишимдери ондоп саналат. Бул келишимдери иштебейт и иштеген эмес. 2010 Ош тополонунун башкы себеби Туштукту Озбекстан басып алабыз деген пландары болгон и келечекте бар
+4
Мунарбек
2022-10-22 15:27:00
Менин түшүнүгүмдө 1965-ж КР жерине Өзбекстан ГЭСкуралы силердин жериңерге дептир. Ал топтолгон суу канча миң гектар жерди ээлесе,биз ошончо миң гектар кургак жер берели дептир. Анан ошол ГЭСти биз башкарабыз дешиптир КР макул дептир да Өзбектер м-н жер алмашыптыр. Бул 1965-ж болгон имиш. Ошол эле 1965 жер өтүп кетиптир. Эми "Кемпир-Абадты" талашсак биздики деп,алар айтат давай биз берген жерлерге айыл кургансыңар бергиле ошолорду дейт. К-Абадты соолут да түбүндөгү кумга күрүч пиязыңды эк дейт.
-4
Lev79
2022-10-22 19:13:00
Мунарбек Кимден талашасын Ал жер Кыргызстандыкы суунун асты Сууну пайдаланганы үчүн берген жерлерди Кемпир абадтын ордуна Алмашкан эмес.
+5
Antiradikal11
2022-10-22 20:23:00
Мунарбек, эй келесоо. Аферист шефиндин жомогун кайталаба! Эгер Кемпирабадды соолут десе жан дейбиз. 5 мин гектар суулуу мыкты жерибизге кайра бак-дарак, эгин эге алабыз. Кум маселе эмес. Ал кум да 5-10 жылда жер болот. Биз утабыз, Озбектстан уттурат. 2 ГЭСи иштебей жарактан чыгат. Озбекистандын миллиондогон гектар таоаасына жайында суу жетпей энесинин 3 коргонун корушот...
+7
kyalbek
2022-10-22 17:10:00
Чагымчылдарга алдырбай алдыга жыла бергиле НПОшниктер менен когуштор уроберсин
-17
bosmos77777
2022-10-22 17:33:00
kyalbek Кемпир суу сактагычты аларга карматса. Алар бутундой Кыргыздын суу байлыгына ээ болот. Кыргызды болбогуло! Адамзатты сыйлагыла. Сенин тукумунда кездешип калат. Ал Табияттын мыйзамы. Бироого сын айтпагын. Мамлекеттик эмес уюмдардын жардамы жана алардын колдоочулары АКШ аларда кызмат кылган. Мекенчилдер бар. Рита айымдай Кыргыздын кызы " Баатыр" .Сендей жугунду кор эмес.
+6
Milduri
2022-10-22 18:52:00
Бул жерде карап көрсөм бүт башы иштебеген, эптеп эле элди көтөрүп чыр чыгаргысы келген макулуктар жазыптыр, биринчиден Кемпирабадды алса эч кандай Ош облусу анклав болбойт башы жоктор бираз картаны карап койгула, экинчиден Ошту Өзбекстан басып алам деген эмес муну Убактылуу өкмөт уюштурган, себеби ошол убакта УӨнү түштүктүн эли укпай туруп алышкан анан УӨ Кыргызстандын ичиндеги өзбектерди тукурган, үчүнчүдөн илгертен эле Кемпирабадты Өзбекстан карап башкарып келген кыргыз жетекчилери билишет.
-5
Lev79
2022-10-22 19:17:00
Milduri Сенин мээңдин жеткени ушул болсо дөөпараздын дөөпаразы экенсиң Кемпир абадты өмүрү көрбөсөң керек кысып эле отур долбоеп
+7
Antiradikal11
2022-10-22 20:13:00
Milduri, эй келесоо! Эгер эшек болбосон, бугунку Кемпирабаддын ордунда 60-жж га чейин кыргыз айылдары болгонун билмексин. Советабаддын айланасы да кыргыз айылдары болгон. Озбекистан плотина курду, плотинанын ылдыйындагы кыргыз айылдары Озбекистанга карап калды эч документ жок эле. Ошону сенин 2 доопарасын билбейби не?!
+5
Antiradikal11
2022-10-22 20:15:00
Milduri, экинчи маселе. Озбектер Кемпирабад суу сактагысынан агып чыккан сууну башкарганы менен, суу сактагыч турган жер Кыргызстандын жери. Биз кааласак плотинаны буздурсак болот, Озбекистан 60-жж алган милдеттенмесин аткарбаганы учун. Бутту, ошону менен маселе чечилет.
+9
Antiradikal11
2022-10-22 20:19:00
Milduri, эгер Кемпирабад Озбектстанга отсо, ким гарантия берет, 2 доопарас айтып жаткан 50/50 башкаруу туболук иштейт деп? Жерди да, сууну да Озбекистанга карматып коюп 50/50 башкартат деп кайсы анкоо ишенет? Озбекисиан 60 жылдан бери оз милдеттенмелерин аткарбай келип эми жаны милдеттенмени аткарабы? Сен аялынды коншундун уйуно киргизип коюп ортодо пайдаланабыз деп кимди ишендире аласын? Аялынды коншундукуна киргизип койсон бир жумадан кийин аялындан биротоло кол жууйсун.
+10
bosmos77777
2022-10-23 00:06:00
Milduri Сени ушул создорун учун ошолордун так ортосуна, кочуруп барыш керек. Оозуна арабындын "келмеси" келбей калат эле. Кыргыздын кен пейилине " тукуруп" жашап журосунорда. Айколдугубузду пайдаланып.
+4
Antiradikal11
2022-10-22 20:26:00
2 доско кличканы мен койгом. Бири жеткен кемчонтой, кемакыл болгону учун Доопарас деп, экинчиси жеткен калпычы, лапшагон болгону учун Аферист деп. Мына далили. Озбекистан компенсация иретинде берген жерлерди алмашуу иретинде берген деп бутундой элдин кулагына лапша илип жатат. Анда эмнеге ошол документти элге корсото албайт, кеп жер алмашуу боюнча журсо? Корсотсун! Корсото албайт. Анткени андай документ озу жок!!!
+8
Antiradikal11
2022-10-22 20:33:00
Бугун Озбектстандын пайдасына деп жуз миндеген гектар жерлерибиз суу астында турат. Жуз миндеген! Мисалы Токтогул суу сактагычы кайсы облус же районубуздун кызыкчылыгы учун курулган? Эч кайсы! Озбекистандын кызыкчылыгы учун курулган. Кемпирабад да, Керки-Дөң да, Орто-Токой да (Ала-Бука) баары Озбекистандын кызыкчылыгы учун курулган. Ал жерлердеги элди Кыргыз ССРи оз акчасына кочуруп уй-жай салып берген, Озбекистан бир тыйын жардам кылган эмес.
+9
Antiradikal11
2022-10-22 20:35:00
Кемпирабаддын ылдыйындагы аймакта да кыргыз айылдары болгон, Советабаддын айланасында. Бугун ошол жерлерди Озбекистан жон гана озуно откоруп алды, эч кандай келишим жок эле. Аферист менен Доопарас ушуга окшогон жерлерди кайтарып алуунун ордуна жаны жер сатмакчы болуп жатат.....
+8
Antiradikal11
2022-10-22 20:37:00
Садыр Аферист жогоруда санаган жерлер Кыргызстанга берилгени чын. Бирок ал жерлер компенсация катары берилген, суулуу жеринер суу астында калды, ошого компенсация деп таштуу жерлерден жер беришкен. Бирок жер алмашуу тууралуу соз да болгон эмес!
+7
Antiradikal11
2022-10-22 20:42:00
Озбекистан ал жерлерин сураса бошотуп беребиз. Ал жерлердеги элди башка аймактарыбызга кочуро албай эмне? Бирок Озбекистан 1) 1900-1920жж эски аймагына кайтсын. Акыркы 100 жылда Озбекистан жылып жылып басып алган жерлердин баарын кайра бизге кайтарсын, анын ичинде Советабад, Шахимардан ж.б. коптогон жерлерибизди. 2) Жогоруда санап откон 4 суу сактагычыбызды бузабыз, озубуздун жуз миндеген асыл топурактуу жерлерибизди кайра иштетуу мумкунчулугу кайтат бизге
+10
Antiradikal11
2022-10-22 20:45:00
3) Озбекистан ушунча жыл ичинде жуздогон мин гектар жерибиз суу астында калып канча кирешеден кур калсак ошону толоп берууго милдеттуу,... 4) Биз Озбекистандын газ,нефтисин акчага сатып алган сынары, Озбекистанга аккан сууга акы алышыбыз керек. Болбосо Токтогул суу сактагычындагы сууну кышы менен агызып, жайы менен суу агызбай коебуз. Токтогул ГЭСибиз иштетесе иштебей тура турат. Андан жогору Камбар-Ата 1 жана 2 ГЭСтерин бутуруп алсак Токтогул ГЭСине коз карандылыгыбыз азаят.
+7
Мунарбек
2022-10-22 23:01:00
Antiradikal11 Түкүрдүм оозуңа энеңди урайын кем чонтой,сага асылганды эле койсо кандай энеден туулган экенсиң сволоч. Ата тегиң менен куруп кеткир адам экенсиң түшүнбөгөн. Биздин айылда түшүнүп туруп түшүнмөксөн болгон адамды "Кахол" дейт,маңкурт!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан