Өзбекстандын Коргоо министрлигинин кампасында жарылуу болду

Коңшу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин кампасында жарылуу болуп, 16 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жарылуу бүгүн, 22-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:55те болду. Анда Сырдарыя районунун Малик айылындагы Коргоо министрлигинин кампасы жарылган. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кампанын жанындагы имараттардын айнектери сынып, айрым жеңил конструкциялар жабыркаган. Жарылуудан кийин өрт чыгып, ал бат эле өчүрүлгөн.

Жарылуудан 16 адам жаракат алды. Алардын ичинде оор жаракат алгандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан