Мэрдин тапшырмасы менен арзан баада көмүр сатыла баштады. Бул тууралууу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаарда көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулду. 22-октябрга карата Курманбек көчөсү №6 дарегинде 40 тоннага жакын көмүр түшүрүлүп, жарандарга сатылууда.
Суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турат.