Коңшу Казакстанда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин бардык 6 талапкерге дүрбү белекке берилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, талапкерлерге дүрбүлөрдү ыктыярчылар белекке берген. Муну менен ыктыярчылар коомчулук аларга кылдаттык менен көз салып турганын, эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, ачыкка чыгаарын кыйытышкан.
Коңшу Казакстандагы президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо этабы аяктады. Өлкө башчылыгына 6 талапкер, анын ичинде учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев дагы бар.
Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.