Жалал-Абад мэриясынын кызматкери Кубанычбек Курманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков маркум Кубанычбек Курманалиевдин жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Кубанычбек Курманалиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына өзүмдүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кубанычбек агай өз өмүр жолунда көптөгөн маданият кызматкерлерине устат болуп, шаарыбызда жана өлкөдө өткөн маданий-массалык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурган мыкты режиссёр эле.
Ал 2007-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык мэриясынын маданият сарайында режиссёрлук кызматта эмгектенип, 2014-жылдан 2022-жылга чейин маданият сарайынын директорлук кызматын аркалап келген.
Кубанычбек Курманалиев өз ишин мыкты билген, адамгерчилиги жана жоопкерчилиги бийик инсан эле. Анын элеси түбөлүккө сакталат жана жасаган эмгектери эч качан унутулбайт", - деди мэр.
Кубанычбек Курманалиев 1967-жылы Сузак районунун Алмалуу айылында төрөлгөн. Ал 2022-жылдын 21-октябрь күнү 55 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2022-10-23 14:35:00
Жакшы киши эле, Кудай бейиштик кылсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан