Иркутск шаарында эки кабаттуу үйдүн үстүнө учак кулады

Орусиянын Иркутск шаарындагы эки кабаттуу үйдүн үстүнө учак кулап, 2 учкуч көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, 23-октябрда катталган.

"Анда СУ-30 үлгүсүндөгү учак Иркутск шаарынын Ново-Ленино кичи районундагы Пржевальск көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдүн үстүнө кулап, андан соң өрт чыккан. Учурда өрт өчүрүлдү. Тилекке каршы, кырсыктан 2 учкуч каза болду. Ал эми жай тургундардын арасында жабыркагандар катталган жок, тактап айтканда кырсык учурунда алар үйдө болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле СУ-30 учагы сыноо учурунда кырсыкка кабылганы, анын кесепетинен 150 үй электр жарыгысыз калганы маалымдалды.



Иркутс шаарында эки кабаттуу үйдүн үстүнө учак кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан