ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: Кыргыз өлкөсүндө Дипломат кызматкерлеринин күнү

1998-жылы 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №689 токтомуна ылайык, 24-октябрь өлкөдөгү жалпы дипломат кызматкерлеринин күнү болуп белгиленген.
Дипломаттык кызмат кабыл алынган күндөн тартып Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык-саясий жактан өнүгө баштаган.
Азыркы Республиканын дипломаттык кызматынын тарыхы Совет мезгилине таандык. СССР бийлиги 1944-жылдын 1-февралында кабыл алган "жалпы союздук республикаларга жана облустарга тышкы байланыштарды кайра түзүү" мыйзамына ылайык, Кыргыз АССРи 1944-жылы 17-мартта Тышкы иштер боюнча союздаш-республикалык элдик комиссариатын ачкан.
Мыйзамда белгиленгендей, Кыргыз Советтер Союздук Республикасы түздөн-түз чет өлкөлөр менен байланышууга жана келишимдерди түзүүгө, дипломатиялык алакаларды жүргүзүүгө, консулдуктарда, эл аралык уюмдарда, чет өлкөдөгү элчиликтерде өкүлдөрүн бекитүүгө, аларды алып салууга, ишеним грамотасын кабыл алууга жана чакырып алууга, башка өлкөлөр менен болгон иштерде жетекчилик кылууга укук берилген.
Ошону менен 1944-жылдын 17-марты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн күнү болуп эсептелет.
24-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан