Жалал-Абадда дем алыш күндөрү мал базар болгон аймактарда профилактикалык жумуштар жүргүзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
"Облустун Сузак, Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорунун тартип сакчылары милициянын көчмө кабылдама унаасында аймактарды кыдырышты. Жергиликтүү тургундарды талаада малдарын кароосуз калтырбай, ар дайым көзөмөлдөө керектигин эскертишти. Айрыкча чек арага жакын аймактарда малдарды кароосуз калтыруу кооптуу экендиги айтылды", - деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери мал уурулукка бөгөт коюу максатында чыгарылган атайын эскертүү баракчаларын да таркатышты.