Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте "Жаштар келечек үчүн: Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык жаштар конференциясы" аттуу аймактык конференция өтүүдө.
Маалымдалгандай, иш-чара климаттын өзгөрүшүнө алып келген тобокелдиктер, аймактын коопсуздугуна тийгизген таасири жөнүндө маалыматты жогорулатуу максатында өтүүдө.
Белгилей кетсек, конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген жарандар катышууда.
Иш-чара 24-27-октябрь күндөрү Бишкекте өтөт жана дагы кошумча маалымат берилет.