Бишкек жана Ош жылуулук электр борбору (ЖЭБ) күзгү-кышкы жылытуу мезгилин баштоого даяр. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан маалымдашты.
Ага ылайык, тиешелүү кызматтар жыйын өткөрүп, анын негизинде чечим кабыл алынат. Чечимге мэр кол коёт.
"Техникалык жактан баарын бир убакта туташтыруу мүмкүн эмес, жылуулук акырындап келет.
Эске салсак, шаарларга жылуулук берүү калаа башчылары уруксат берген учурдан тарта берилип баштайт.
Маалымат үчүн: Жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө бериле баштайт.