Өлкөдө интернет байланышындагы үзгүлтүктүн себеби айтылды

Бүгүн, 24-октябрда борбор калаада интернет жакшы иштебей жаткандыгын жарандар айтышууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.

Кабарлангандай, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

“Мегаком” компаниясында бир саат мурун авария болгону кабарланды.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal11
2022-10-24 14:57:00
Бул бийликтин эле буйругу. Митинг чоноюп кетсе эл кабар таап башкалар да жетип келбесин дегени.... Бирок бул митингдер башталышы эле. Баары алдыда.
+1
Antiradikal11
2022-10-24 14:58:00
Сокеге жакшы эле айтышкан, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгар деп. Соке ошондо элдин унун укканда бугун бийликте отурмак. Бугунку Аферист менен Доопарас да элдин унун укпаса, Кемпирабадды сатуу ниетинен кайтпаса, аягы экоо учун жакшы бутпойт......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан